Кабулдагы жардыруудан бир адам өлүп, он үчү жараат алды

Ооганстан, Кабул. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган бийлигинин маалыматына караганда, жардыруу 24-мартта Кабулдагы активисттердин лагеринде болду. Жардыруудан бир киши каза таап, он үчү ар кандай жараат алды.

Лагерди полицияга каршы жапырт акция өткөрүп жаткан пакистандык пуштундарды колдогон ооган активисттери марттын башында түзгөн.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Вахид Маджро Кабулдун чыгышындагы Гази стадионуна жакын жердеги жардырууда бир нече адам жаракат алганын ырастады.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахии жардыргыч зат лагердеги чатырдын жанына коюлганын билдирди. Ооган парламентинин Жогорку палатасы 18-мартта жергиликтүү жана пакистандык демонстранттарды колдой турганын жарыялаган.

Исламабаддагы каршылык акциялары быйыл январда 27 жаштагы пакистандык модел Накибулла Мехсуд атып өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Пакистан полициясы Мехсуд Карачинин чыгышында "террорчуларга каршы операцияда" өлгөнүн жана ал "Талибан" кыймылынын мүчөсү болгонун билдирип келет. Маркумдун жакындары бул маалыматтарды четке кагууда.