Бишкектин ботаникалык багында ишембилик башталды

Бишкектеги ишембилик. 24-март, 2018-жыл.

Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан ботаникалык бакта ишембилик өтүүдө.

Ага Улуттук илимдер академиясынын алдындагы институттардын жана өкмөттүн кызматкерлери чыгып, көчөт отургузуп, бактын ичин тазалап жатышат.

Ишембиликке премьер-министр Сапар Исаков да келди.

Тазалоо, көчөт отургузуу иштери Бишкектин Орто-Сай, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Көк-Жар жаңы конуштарында өтүп жатат. (KR)

Бишкек: президент катышкан ишембилик