Францияда куралчан адам бир топ кишини барымтага алды

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Франциянын түштүгүндө куралчан адам супермаркетте бир нече кишини барымтага алды. Анын алдында ал полиция бөлүмүнө ок атканы кабарланууда. Маалыматтарга караганда ошондон кийин ал дүкөнгө барып, кеминде бир кишини атып өлтүрдү. Премьер-министр Эдуард Филипп Тулуз шаарынын жанындагы Треб деген жерде болгон бул окуяны “террордук акт” деп атады. Барымтага канча киши алынганы белгисиз.

Полиция жолдорду тороп, жергиликтүү жашоочуларга үйлөрүнөн чыкпоого кеңеш берди. Франциянын ички иштер министри Жерар Колломб окуя болгон жерге жөнөп кетти.