ЛДПР "партия лидерин каралаган журналистти" жоопко тартууну карайт

Владимир Жириновский

Мамлекеттик Думанын төрага орун басары, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновскийдин уулу Игорь Лебедев "Настоящее время" каналынын журналисти айткан окуяга комментарий берүүдөн баш тартты.

Кечээ журналист Ренат Давлетгилдеев ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновскийди сексуалдык асылууга айыптап чыккан. Башка эркектерди да саясатчылардын ушул өңдүү жоруктарын ачык айтууга чакырган.

Давлетгилдеевдин айтымында, Жириновский 2006-жылы «Орусия сулуусу» конкурсунун финалы маалында чакан интервью берип жатып өзүн адеп-ахлакка жатпаган түрдө алып барган. Журналист ал кезде өзүнүн кумсалыгын жашырып жүргөн, аныктан уялып, инцидент жөнүндө эч кимге айткан эмес.

Лебедев ТАСС агенттигине берген интервьюда Давлетгилдеевдин айткандарын калп, каралоо деп атап, «түшүнскүз медиа булактын өкүлүн» териштирбестен эле "тумшукка урууга даяр" экенин айтты.

Лебедев ЛДПР «партия лидерине жалаа жапкан адамдын жоопко тартылуусу үчүн юридикалык кадамдарды талкууларын» кошумчалады.

Буга чейин бир нече журналист ЛДПРдин депутаты Леонид Слуцкийди сексуалдык асылуу үчүн күнөөлөшкөн. Мамлекеттик Думанын комиссиясы эл өкүлүнүн жүрүм-турумунан эч кандай эреже бузуу таппаганын билдирген. Ошондон кийин бир катар маалымат каражаттары парламнеттин төмөнкү палатасы менен иштешүүдөн баш тартты. Слуцкий болсо аял журналисттерге асылбаганын айтууда.

"Настоящее время" – «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен «Америка добушу» медиакорпорацияларынын биргелешкен долбоору. Канал дүйнө жүзүндөгү орус тилдүү аудиторияга объективдүү маалыматтарды жеткирүүнү көздөйт.