71 жаш курагында энергетика боюнча эксперт Николай Кравцов каза болду. Бул маалыматты анын кесиптеши «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, ал ооруп жүргөн жана өткөн аптада операция болгон.
Николай Кравцов энергетика жаатындагы эксперт катары белгилүү. Ал парламентте, шаардык кеңеште жана президенттик аппаратта иштеген.
«Азаттык» радиосунун жамааты маркум Николай Кравцовдун жакындарына терең көңүл айтат.