Волоколамсктагы акыр-чикир чыры

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Волоколамсктын тургундары Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев менен Волоколамск районунун акими Евгений Гавриловго оорукананын алдынан кол салды. Бул тууралуу «Азаттыктын» орус кызматы маалымдады. Ага чейин Волоколамсктагы акыр-чикир төгүлгөн "Ядрово" полигонундагы заттарга ууланып, отуздай үч окуучу ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү тургундар акыр-чикир төгүлгөн бул жайды жабууну көптөн бери талап кылып келишкен.