Бишкекте Нооруз майрамына карата бүгүн боорсок жасоо боюнча рекорд коюу максатын көздөгөн акция өтүп жатат. “Кыргыз айылы” улуттук-этнографиялык комплексинин аймагында уюштурулган иш-чарада он топко бөлүнгөн кыз-келиндер боорсок жасап жарышууда. Ар бир командада он чакты мүчө бар.
Жалпысынан 500 килограмм ундан камыр ачытылып берилген. Андан 700 килограмм боорсок чыгат деп болжолдонууда.
Уюштуруучулар – "Кыргызстан обондору" радиосу жана “Кыргыз айылы” комплекси. Максат – кыргыздын улуттук тамак-ашын, маданиятын даңазалоо.
Даяр боорсок фестивалдын катышуучуларына, конокторуна жана муктаж болгондорго таратылып берилери айтылды. (ZA)