Маккейн: Трамп Путинди куттуктоо менен орусиялыктарды басынтты

Жон Маккейн.

Республикачы сенатор Жон Маккейн АКШнын президенти Доналд Трамптын Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путинди куттуктаганын сындады.

Ал өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына: “Диктаторлорду жасалма шайлоодогу жеңишин куттуктоо менен Америка президенти эркин жана калыс шайлоодо добуш берүү укугунан ажыраган ар бир орусиялык жаранды басынтты”, деп жазган.

Ак үйдүн 20-мартта тараткан маалыматына караганда, АКШнын президенти Доналд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен шайлоодон эки күн өткөндөн кийин телефондон сүйлөштү. Кремл Трамп Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын маалымдады.

18-мартта өткөн шайлоодо Владимир Путин добуштардын 76,7% алып, жеңип чыккан.