Орусияда жасалма документ жасап жүргөн кыргызстандык кармалды

Орус паспорту.

Москвада өзүн милиция кызматкери, ИИМдин өкүлү катары тааныштырып, мигранттарга ар кандай жасалма документтерди даярдап берип жүргөн Дамир аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

- Кармалган жаран жашаган жерди тинтүү маалында Орусиянын жарандыгын алып берүү, "Кыргызстанда соттолгон эмес" деген ИИМ берчү тастыктама, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Москвадагы ар кандай оорукананын мөөрлөрү, даяр тастыктамалар, паспорт жана башка Орусияда керек болгон документтер табылды.

Сеитовдун айтымында, кармалган адам Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну. Ал Москвада жашаган жерин тез-тез алмаштырып, бир топ кишиден акча алганы маалым болду.

Окуя боюнча Москвада кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. Анын шериктери да бар экени такталып, аларды издөө иштери уланууда. (КЕ)