Мавлян Аскарбеков өз укугун коргоо үчүн Конституциялык палатага кайрылды

Мавлян Аскарбеков

“Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков өзүнүн Конституциялык укугун коргоо үчүн Конституциялык палатага арызданды. Бул тууралуу жарандык активист “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Сот процессинде тараптардын бирдей укукка ээ болбой жатканы ачык көрүнүп жатат. Менин адвокатым, мен жана прокурор чакырылган күбөлөргө жана башкаларга бирдей укукта суроо берип, жооп алганга укуктуу. Бирок тилекке каршы сот өзүм билемдик менен биз берген суроолорго чек коюп, прокурорго кошулуп алып өзүнө керектүү жооп алыш үчүн суроо берип, процессти жүргүзүп жатат. Бул жерде менин конституциялык укугум бузулуп, тең укуктуулук сакталган жок.

Аскарбековдун Конституциялык палатага кайрылган арызында сот тарабынан процесстерде бардык тараптарга тең укуктуулукту сактоо боюнча норманы карап чыгуу өтүнүчү бар.

Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси, “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 16-январдагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталып жатат. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап чыгышкан.

Буга чейинки соттук отурумдарда Аскарбеков жана адвокаты сотко ишенбей турганын айтышкан. (КЕ)