Орусия: шайлоочулардын жарымынан көбү добуш берди

Бишкектеги добуш берүү.

Орусиядагы президенттик шайлоодо Москва убактысы боюнча 17:00гө карата добуш бергендердин саны 50 пайыздан ашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Николай Булаев билдирди. Орусиянын чыгышында добуш берүү аяктап, бюллетендер саналып жатат.

Орусиядагы президенттик шайлоого учурдагы президент Владимир Путин баш болгон сегиз талапкер катышууда.

БШКнын маалыматы боюнча Орусиянын ичинде 108,9 миллион шайлоочу, өлкөнүн сыртында 1,8 миллион шайлоочу каттоодон өткөн.

БШКнын расмий өкүлдөрү быйыл 2012-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу шайлоочулар жигердүү экенин айтышкан. Бирок Орусиянын бир катар аймактарында шайлоочуларды тартуу үчүн жергиликтүү расмий өкүлдөр элге арзан баада азык-түлүктөрдү сунуштаганы кабарланды.

Байкоочулар шайлоочуларды добушканага автоунаа менен ташып келүү, бюллетендерди тобу менен ыргытуу сыяктуу көрүнүштөр да катталганын айтып жатышат. "Голос" көз карандысыз кыймылы шайлоо учурунда бул сыяктуу кеминде 1700дөй мыйзам бузуу катталганын билдирген.

Орусиянын Боршайкому шайлоо күнү олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын белгилеп жатат.