Украина БУУнун баш катчысына жана уюм мүчөлөрүнө Крым жана Севастополдо Орусиянын президентинин шайлоосун өткөрүүгө каршылыгы боюнча расмий кат жолдоду. Катта Украинанын Тышкы иштер министрлигинин жана Жогорку Радасынын Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү боюнча билдирүүсү камтылган.
Европа Биримдиги жана АКШ буга чейин Орусия аннексиялаган жарым аралда жана Севастополдо өткөн парламенттик шайлоону тааныган эмес.
Жума күнү Украинанын бийлиги өлкөнүн аймагындагы орус дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө дипломаттардан башка жарандарга добуш берүүсүнө уруксат берилбей турганын билдирген. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мындай чарага каршылыгын билдирип, Украиндагы орус жарандарынын эркин шайлоого катышуусун камсыз кылууга чакырган.