Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКга сурак берип чыкты

Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев үч жыл мурда жабылган өзүнө каршы кылмыш иши кайра ачылганын "Азаттыкка" билдирди. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматына бүгүнкүгө чакырылганын, ал жактан кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу 23-январда кайра ачылганын айтышканын белгиледи.

Экс-депутат Коррупцияга каршы кызматта эки саат сурак бергенин, иш сотко өткөнү жатканын кошумчалап, муну бийликтин дарегине айткан сындары менен байланыштырды.

"Мен кийинки учурларда бийликти сындап келе жатам. Ушуга байланышы болсо керек деген оюм бар",-деди Осмоналиев.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишинин козголушу тууралуу азырынча Коррупцияга каршы кызматтан маалымат алуу мүмкүн боло элек.

2014-жылы аталган кызмат Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча иш козгогонун, абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын билдирген.

Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын айтты.