Конушбаев: Бишкекти пландаштыруу планын түзүүдө коррупция бар

Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай пикирин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Конушбаев бүгүн Бишкектин Так пландаштыруу планын талкуулап жатып айтты. Анын сөзү боюнча, көп кабаттуу имараттардын кабаты көрсөтүлгөн эмес:

- Сырттан келип, шаарга киргенде уялам. Бир да так долбоор жок. Мактанган Совет жана Манас көчөлөрүн карагылачы, кандай абалда турат? Шаардын идеясы, максаты жок.

Депутат Конушбаевдин сөзүнө Долбоорлоо институтунун жетекчиси Жыргалбек Асаналиев жооп берип, бийик үйлөрдү курууга шаардын сейсмикалык абалына жана кызыл линияларга байланыштуу уруксат берилбей жатканын билдирди.

Борбор шаардын Так пландаштыруу планы 9-апрелде коомдук талкууга чыгат. Планга Бишкектин шаардын борбордук бөлүгүндөгү 3540 гектар жер аянты кирген. Бул аянт Жибек Жолу, Курманжан Датка, Шабдан баатыр, Ахунбаев, Садырбаев жана Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы төрт бурчтукту камтыйт.

Шаардык активисттер Так пландаштыруу планына нааразылыгын билдирип, анда бала бакчалар, парктар жоктугун, Бишкектин борбору жалаң соода, көңүл ачуу жайлары менен көп кабат үйлөргө толгонун айтып чыгышкан болчу. (ErN/ZKo)