Сириялык активисттер дүйнөлүк футбол чемпиондугуна бойкот жарыялоону өтүндү

Сирия. Жергиликтүү тургундар Чыгыш Гутадагы үйлөрүн таштап кетүүдө. 15-март, 2018-жыл.

Сириядагы жарандык уюмдар 2018-жылдын июнь-июль айларында Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна бойкот жарыяланышы мүмкүн экенин Москвага эскертүүгө Батышты жана Американы үндөштү.

20дан ашык уюмдун Британияга, Германияга, АКШга жана Францияга жазган катында Москванын Сирияга карата саясатын өзгөртүү зарыл экендиги айтылат. Ошондой эле орус бийлиги Сириянын президенти Башар Асадга басым жасап, "аны Чыгыш Гутаны бомбалоону токтотууга мажбурлашы керек" деп белгиленген.

2013-жылдан бери Дамаск шаары да кирген Чыгыш Гута аймагында 400 миңдей жаран курчоодо турат, аларга азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жана электр жарыгы жетишпейт.

Быйыл февралда Сириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гутадагы оппозициялык топторго абадан сокку ура баштаган. Ошондон бери курман болгон жайкын тургундардын саны 900дөн ашканын Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзгөн борбор билдирген.

"Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюмунун маалыматына караганда, курмандыктардын саны миңден ашкан.