Карамушкина: Өлүкканага бөлүнүүчү 20 млн сомдон дайын жок

Бишкектеги өлүкканада өткөн кылымдагы шаймандар колдонулат.

Соттук-медициналык экспертиза мекемесин жаңылоого 20 миллион сом которулмак, бирок ал акчадан азырынча дайын жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина айтты.

Ал 2017-жылдын 16-январында Дача СУ айылындагы учак кырсыгына байланыштуу элден чогултулган акчадан аталган мекемеде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө, жаңы жабдуу сатып алууга каражат бөлүнмөк деп билдирди:

- Трагедия күндөрү жарандардан, мекемелерден каржылык жардам чогултулган. 1-2 күндүк айлык маяна которулган. Мага бул акчадан 20 миллион сомду ошол имаратты оңдоп-түзөөгө жана жабдык сатып алууга которушмак экени белгилүү болду. Бирок ал акча каякта экени азыркыга чейин белгисиз. Соттук-медициналык экспертиза мекемесине бул каражат түшкөн эмес.

Дача СУ кырсыгы 35 жергиликтүү тургундун жана төрт учкучтун өмүрүн алган. Расмий маалыматка караганда, Гонгконгдон Стамбулга багыт алган учак “Манас” аэропортуна май куюш үчүн токтогону келе жатып Дача СУ айылына кулаган.

Ошондо каза болгондордун сөөгү Соттук-медициналык экспертиза мекемесинин өлүкканасына жеткирилгенде ал жерде өткөн кылымдын 60-жылдарынан берки шаймандар колдонулары, муздаткычтар иштебей турганы тууралуу маалымат интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, өкмөт сынга кабылган.

2017-жылдын март айына карата Дача СУ боюнча атайын эсепке 95 миллион 700 миң сом чогулганы расмий кабарланган болчу. (RK)