"Ош" бажысынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта иш Кылмыш кодексинин “аткезчилик” жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелеринин негизинде козголгону айтылат.

Кылмышка шектүү кызматкерлер бажы транзитин мыйзамсыз бүтүрүп берген деп айыпталып жатышат.

Тагыраак айтканда, “Ош” бажысынын өкүлдөрү 2017-жылы Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу фактуралык наркы 49 миң доллардан ашуун товарды ташып кирүүгө байланыштуу транзиттик декларацияны негизсиз жүргүзгөн деп шектелүүдө. Бул иштин айынан мамлекетке 686 миң сомдук зыян келтирилгени айтылат.

8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, күч жана фискалдык органдардын ишин кескин сынган алган. (RK)