Нарын Айып Атамбаев боюнча жазгандарын төгүндөдү

Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

Журналист narynaiyp.com сайтына жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына былтыр өзү жазган макалалар боюнча сот "чындыкка дал келбейт" деп тапкандарды төгүндөй турганын 13-мартта жарыялады. Биринчисинде былтыр мартта “Заноза” сайтына чыккан Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы тууралуу жазылган макаладагы сөздөрдө жалган фразалар бар экенин жазды.

Ошондой эле ал «Текебаевдин адвокаттары: Кыйраган учактагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык” деген макаланын темасын жокко чыгарды. Нарын Айып 2015-жылдын 22-октябрында аталган сайтка жарыяланган Атамбаевдин кантип миллионер болгону тууралуу макаладагы маалыматты да "чындыкка коошпойт" деп кабарлады.

2017-жылы 6-мартта Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган. Бул иштер февраль айында Жогорку сотто каралып, ага чейинки чечимдер өзгөртүлгөн эмес.

Жакында Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү үйүн сатыкка коюу жөнүндө чечим чыгарды. Ал эми дагы бир судья Альбина Жээнбекованын чечими менен Нарын Айыптын Бишкектеги батири сатылбай турган болду, бирок журналисттин мойнуна илинген 9 млн. сом тууралуу чечим күчүндө калган. (NT)