Өкмөттөгү “кадрдык кризис"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргыз өкмөтүндө бул аптада бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Ишиндеги кемчиликтери үчүн өкмөт аппаратынын жетекчиси кызматынан кетти. Премьер-министр Сапар Исаков беш министрге, ондон ашык башка жетекчилерге катуу сөгүш жана эскертүү берди. Мындай кырдаалды айрымдар өкмөттөгү кадрдык кризис деп бааласа, айрымдар өкмөт башчынын айла кеткендеги кадамы катары сыпаттап жатат. Өкмөттөгү акыркы өзгөрүүлөр эмнеден кабар берет? Бул суроого “Азаттыктын" “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издейбиз.