Венесуэла оппозициясы БУУ миссиясынын шайлоого катышуусуна каршы

2017-жылдын 30-июлунда Каракаста эл менен полиция кагылышкан учурда.

Венесуэладагы оппозиция Улуттар Уюмунан 20-майда өтө турган президенттик шайлоого байкоочуларын жибербөөнү өтүнүүдө. Азыркы лидер Николас Мадуронун каршылаштары алдыдагы добуш берүү таза өтпөйт деп чочулап жатышат.

"Улуттар Уюмунун байкоочулары, албетте, келиши керек. Бирок азыр Венесуэланы каптап турган гуманитардык маселелерди иликтеш үчүн, ачкачылыкты, дары-дармектин жоктугун көрүш үчүн келишсин. Эгер алар миссиясын жөнөткүсү келсе - ал диктатураны бекемдеш үчүн эмес, адам укуктарына байланыштуу болушу керек", деди оппозиция өкүлү Дельса Солорзано.

Оппозиция атайын петицияга кол топтоп, баш калаа Каракастагы Улуттар Уюмунун кеңсесине тапшырды. Оппозициячыл лидерлер бир добушту бир килограмм күрүчкө сатып алууга мүмкүн болгон өлкөдө шайлоо өткөрүүдөн пайда жок деп эсептешет. Алар элди 17-мартта азыркы бийликке каршы нааразылык акциясына чыгууга чакырышты.

Өткөн жылы апрелде Венесуэланын президенти Николас Мадуронун ыйгарым укуктарын кеңейтүү аракетинен кийин өлкөдө жапырт каршылык акциялары башталып, бир нече айга созулган. Мунайга бай экенине карабай бул өлкө азыр экономикалык каатчылыкты баштан кечирүүдө.