Мэй: Скрипал Орусияда жасалган зат менен ууландырылган

Тереза Мэй, британ премьер-министри.

Британ премьер-министри Тереза Мэй дүйшөмбүдө парламентте сүйлөп жатып, Сергей Скрипал кызы экөө Орусиянын аскердик ишканасында жасалган зат менен ууландырылганын айтты.

Премьердин сөзүнө караганда, мурдагы тыңчыны ууландырууга адамдын нерв системасын сенек кылган "жаңы муундагы" зат колдонулган. Андай затты советтик окумуштуулар 1992-жылдары ойлоп табышкан.

Мэй Орусияга окуяга түшүндүрмө бериш үчүн шейшембиге чейин убакыт бөлүнгөнүн билдирди.

"Орусиянын бийлигинин буйругу менен ишке ашкан киши өлтүрүү фактыларын, Орусиянын айрым тыңчыларды бутага алганын эске алып, Сергей жана Юлия Скрипалга кол салуу үчүн Орусия жооптуу болушу толук ыктымал", - деди британ өкмөт башчысы.

"Биз өз жергебизде бейкүнөө адамдардын киши колдуу болушуна чыдап тура албайбыз" - деп кошумчалады Мэй.

33 жаштагы Юлия Скрипал менен анын 66 жаштагы атасы Сергей Скрипал Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.

Орусияда "мамлекеттик чыккынчылык кылган" деп айыпталып, түрмөгө кесилген Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы офицери Сергей Скрипал Англиянын Солсбери шаарында белгисиз зат менен ууланган болушу мүмкүн экени кабарланган.

Маалыматка караганда, Скрипал 1995-жылы британ чалгын кызматына мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды берип турган. Ал 1999-жылы Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн кеткенден кийин да британдар менен кызматташтыгын уланткан. Бул үчүн Скрипал акча алып турганы айтылат.

2006-жылы Москванын аймактык соту Скрипалды 13 жылга түрмөгө кескен. 2010-жылы ал мунапыс менен эркиндикке чыккан. Андан соң ал АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Соңку жылдары Британияда жашап жүргөн.