Өкмөт башчынын буйругу менен финансы министри Адылбек Касымалиевге эскертүү берилди. Ал эми экономика министри Артем Новиковго, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге, айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашевге, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовго жана Архитектура, курулуш жана турак-жай чарба агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиевге катуу сөгүш жарыяланды.
Аткаруу ишинин начарлыгы, коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик стратегияны аткаруу боюнча так эмес маалымат бергени үчүн Архитектура, курулуш жана турак-жай агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге катаал сөгүш жарыяланып, юстиция министри Уран Ахметовго, маданият, маалымат жана туризм министринин статс-катчысы Бактыбек Секимовго, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаевге жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаевге эскертүү берилди. Ошондой эле Мамлекеттик каржы базарын көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге ишин так аткарбаганы үчүн сөгүш берилди.
Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
12-март күнү премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүк аппараттын башчысы Нурканбек Момуналиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун президент Жээнбековго жиберип, өкмөт аппаратындагы эки бөлүм башчыны кызматтан алган. (ZKo)