КСДПнын жыйыны марттын аягында болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) кезектеги жыйыны 31-мартка белгиленди. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттеги фракция өкүлү Марат Аманкулов маалымдады. Анын сөзү боюнча, жыйында партиянын төрагасы бекитилет.

КСДПнын отуруму бир нече жолу жылдырылып келген. Партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мурдараак КСДПнын курултайында Алмазбек Атамбаев партия лидерлигине бекитилерин билдирген.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткен күндө да саясатта кала берерин, партиялык ишин жандандырарын журналисттерге айткан. Экс-президент ошондой эле кийинки парламенттик шайлоодо КСДПнын партиялык тизмесин жетектеп барарын да кеп кылган. (ZKo)