Ирандын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу уюмунун өкүлү Можтаба Халединин мамлекеттик каналга айтуусуна караганда, 11-мартта Бириккен Араб Эмирлигинен Стамбулду көздөй бараткан учак Ирандын Шахр-э-Корд аймагында тоого урунуп, өрттөнүп кеткен.
Шахр-э-Корд Тегерандан 370 чакырым алыс, түштүк тарапта жайгашкан. Куткаруучулар кырсык болгон жакка баратканын Ирандагы мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги маалымдады.