Чыгыш Гутага гумжардамдын дагы бир бөлүгү жеткирилди

Чыгыш Гутадагы Кызыл чырым уюмунун жардамын алып бараткан аял. 9-март, 2018-жыл.

Сириянын Чыгыш Гута аймагына гуманитардык жардамдын дагы бир бөлүгү жеткирилди. Бул тууралуу Эл аралык Кызыл чырым уюму билдирди. Азык-түлүк жүктөлгөн 13 машина камоодогу чөлкөмгө аткылашуудан улам пландалгандай кечээ жете алган эмес.

Эки жумадан бери Сирия армиясы козголоңчулардын колундагы анклавдын көпчүлүк аймагына улам чабуул коюп кайтарып алды. Чек арасыз дарыгерлер уюмунун маалыматы боюнча Дамасктын жака белиндеги бул райондо ошондон бери бир миңден көп киши каза тапты.

Гутадагы 400 миңге чукул киши медициналык жардамсыз, тамак-ашсыз калып, гуманитардык абал абдан начар. Бүгүн да аба соккулары уланганы маалымдалды.