"Tesla" башкаруучусуз унаалары менен алгачкы жүктү жеткирди

"Тesla Semi".

"Tesla" компаниясы башкарчуучусуз эки жүк унаада товар жеткирди. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск "Instagram" баракчасына жазып, сүрөттөрдү чыгарды.

"Tesla Semi" унааларына жүктөлгөн товарлар Невада штатындагы "Tesla Gigafactory 1" заводунда чыгарылган аккумуляторлор болду. Машинелер 425 чакырым аралыктан өтүп, жүктү Калифорниядагы "Tesla" заводуна төрт жарым сааттай убакытта алып келди.

Башкарчуучусу жок "Tesla Semi" унааларын такай чыгаруу 2019-жылы башталганы турат. Буйрутмачыларга товар жеткирүү 2020-жылы башталат.