Улуттук статистика комитети 2-мартта жарыялаган "Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча баяндамага" ылайык, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облусунун жашоочулары керегинен ашыкча тамактанышат.
Адамга бир күнгө 2097 килокалория керектелет.
Талас облусундагылар - 2585,
Жалал-Абад облусундагылар - 2220,
Нарын облусундагылар - 2207,
Ош облусундагылар - 2073,
Баткен облусундагылар - 2093.
Ысык-Көл облусундагылар - 2034,
Чүй облусундагылар - 1980,
Ош шаарындагылар - 1783,
Бишкек шаарындагылар - 2051 килокалория жешет.
Адистер аз же көп тамактануу боюнча 2017-жылдын 9 айындагы изилдөөгө таянып баяндама даярдашкан. Бирок тургундардын тийиштүү өлчөмдө же ашыкча тамактануу себептери көрсөтүлгөн эмес. (SE)