9-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз +9...+14,
Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7 градуска жылыйт.
Бишкекте 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын табы түнкүсүн 3...5, күндүз 15...17 градуска жогорулайт. (ErN)