Немис өкмөтүнүн 7-марттагы чечимин эми парламент жактырышы керек. Ага ылайык, Германиянын Ооганстанда, НАТО миссиясынын алкагында жайгаштырылган аскерлеринин саны үчтөн бирге көбөйтүлүп, 1300гө чыгарылат.
Коргоо министри Урсула фон дер Ляйен Ооганстандагы миссия дагы бир канча убакытка созуларын ишара кылып, “бизге чыдоо жана узак дем алуу керектиги талашсыз”, - деп белгиледи.
Германия Ооганстанга аскерлерин алгач мындан 17 жыл мурда жиберген. Немис армиясынын кеңселери менен базасы Мазари-Шарифте жана Кундуз шаарына жакын жайгашкан.
Ангела Меркелдин өкмөтү 7-марттагы отурумунда Германиянын Иракта, Малиде, Түштүк Суданда аскерий миссияларын жана НАТОнун Жер Ортолук деңизди кайтаруу операциясына катышуусун улантууну да чечти.(UE)