Улуттук госпиталдын китепканасында 50 жылга чукул иштеген Галина Федоровага бул наамды саламаттык сактоо министри 7-мартта тапшырды.
Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал китепканада 1969-жылдан бери эмгектенет.
Улуттук госпиталдын китепкана фондунда 15 миңден ашуун китеп бар.(ZKo)