Ташкенттик имам кумсалардын көбөйүшүн түрк сериалдарынан көрдү

Рахматулла Сайфутдинов.

Өзбекстанда "аялдар гана акушер болушу керек" деген сунушу менен таанылган молдо Рахматулла Сайфутдинов түрк сериалдары улуттун генофондуна терс таасир этээрин айтып чыкты. Ташкенттеги Мырза Юсуф мечитинин имам-хатиби болуп иштеген Сайфутдинов мындай пикирин 2-март күнү жума кутбасы учурунда айткан.

Имамдын сөзү жазылган видео Интернетке тарады. Анда молдо "аял жолдошу менен жыныстык катнаш учурунда башка эркекти элестетсе, алардан кумсалар төрөлөт" деп сүйлөйт. Сайфутдинов өзбек аялдары түрк сериалдарындагы сулуу эркектерди жактырып, алар менен жакын мамилени элестетип жүргөнүн ишенимдүү билдирген. Ошондой эле эркектер да башка сулуу аялдарды элестетип жүргөнү үчүн ориентациясы башка кыздар төрөлөрүн белгилейт.

Ташкенттеги Домбурабад мечитинин имам-хатиби Шермурат Тагай Рахматулла Сайфутдиновдун пикирин колдой тургандыгын "Азаттыктын" өзбек кызматы менен болгон маегинде айтты.

Өзбекстан мусулмандар диний башкармасынын төрагасынын орун басары Абдулазиз Мансур имамдын бул айткандарынан кабарсыз экенин билдирген.