Санкт-Петербургдун полициясы жок эле мамлекеттин паспортун саткан топту кармады. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ирина Волк билдирди.
Жок өлкө Кариб бассейниндеги арал-мамлекет катары сүрөттөлүп, кармалгандардын бири өзүн ал жактын Орусиядагы консулу деп тааныштырган.
Кылмышка шектүү катары кармалган топто 4 киши иштеп, жасалма паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр документсиз мигранттарга 10-15 миң рублдан сатылган.