Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Орусиянын улуттук "Ника" киносыйлыгына номинант болду.
"Ника" академиясынын сайтында 6-мартта жарыяланган маалыматка караганда, аталган фильм "КМШ жана Балтика өлкөлөрүндөгү мыкты тасма" багытында сыйлыкка көрсөтүлдү. Ушул эле багыттагы талапкерлер арасында Казакстан, Молдова, Грузия, Латвия, Украина, Эстонияда тартылган кинолор бар.
31-ирет уюштурулуп жаткан "Ника" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү жыл сайын мартта аныкталат. (SE)