8-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкектеги жаз. 2016-жыл, апрель.

Кыргызстандын айрым аймактарында 8-мартта түнкүсүн жамгыр жаайт. Тоолорго жана тоо этектерине кар түшөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, түндө Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +8...+13,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +8...+13,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +11...+16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...+1, күндүз +3...+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз +3...+8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -3...-8,

Бишкекте түндө жамгыр жаашы ыктымал. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн 0...+2, күндүз +10...+12.