Иракта кыргызстандык аялдар кармалганы жөнүндө расмий билдирүү түшө элек

Ирактагы аял. 31-май, 2017-жыл.

Иракта кыргызстандык үч аял террорчулукка байланыштуу шектүү катары камакта отурганы тууралуу эч кандай расмий маалымат жок. Бул жөнүндө Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдиргендей, Багдаддан эч кандай маалымат берилген эмес. Ошондой эле кыргызстандык жарандардан да бул маселе боюнча эч кандай кайрылуу болгон жок.

Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин Иракты да караган консулдук кеңсеси бар.

6-мартта президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукканда РИА "Новостинин" кабарчысы бул тууралуу мамлекет башчыга суроо берген. Жээнбеков Иракта кыргызстандык аялдар камалганы тууралуу уга элек экенин, тактоо иштери жүргүзүлөрүн айткан.

РИА "Новостинин" кабарчысы бул маалыматты Орусиядагы булактарга таянып билдирген. Анын айтымында, аялдар Багдаддагы түрмөдө отурушат, баарынын балдары бар. Алар террорчулардын жубайы экени, өлкөгө чек араны бузуп киргени, жоочуларга көмөктөшкөнү айтылууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия жана Ирактагы экстремисттик топтордун катарына кыргызстандык 500дөн ашуун адам кошулуп кеткен.