Бакунун оор кылмыштар боюнча соту "Мусулман биримдиги" кыймылынын мүчөсү Ахсан Нурузадени “маңзат сактаган жана сатууну көздөгөн” деп айыптап, жети жылга эркинен ажыратты.
Нурузаде былтыр октябрда андан полиция 15 грамм героин тапкандан кийин кармалган. Ал өзүнө тагылган айыпты четке кагып, полиция чөнтөгүнө баңгизатты салып койгонун айткан.
Ал ошондой эле өзүнүн кармалышын өкмөткө каршы митингдерге катышкандыгынан жана Нардаран иши боюнча кесилген ондогон адамдарды колдогонунан көрөт.
2017-жылы Нардаран иши боюнча "Мусулман биримдиги" кыймылынын лидери Талех Багирзаде, анын орун абсары Аббас Хусейнов, оппозициялык "Популярдуу фронт" партиясынын лидери Фауд Кахраманли баштаган 15 киши он жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган.
Азербайжандагы укук коргоочулар жалпысынан 87 киши кармалган окуяны "күч менен басылган” деп баалашат. Кармалгандар 2016-2017-жылдары үч топ болуп кесилишкен.