Грозныйда сот Оюб Титиевдин камак мөөнөтүн узартты

"Мемориал» уюмунун өкүлү Олег Орлов, «Яблоко» партиясынын лидери Григорий Явлинский, «Жарандык аракет» комитетинин башчысы Светлана Ганнушкина Грозныйдагы сотто. 6-март, 2018-жыл.

Грозный шаарында сот «Мемориал» уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн жетекчиси Оюб Титиевдин камактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

«Яблоко» партиясынын түптөөчүсү, президенттикке талапкер Григорий Явлинский, Адам укуктары боюнча кеңештин президенти Леонид Никитинский, «Мемориал» уюмунун өкүлү Олег Орлов, «Жарандык аракет» комитетинин башчысы Светлана Ганнушкина укук коргоочуга колдоо көрсөтүп, Грозныйга барышты.

Буга чейин Явлинский Титиевге камактан чыгууга кепилдик берсе, президенттикке талапкер Ксения Собчак укук коргоочуну эркиндикке чыгарууну талап кылып, Грозныйда пикет өткөрдү.

Чеченстандагы "Мемориалдын" башчысы Оюб Титиев 9-январда кармалып, "мыйзамсыз баңгизат сактаган" деген кине менен эки айга камакка алынган.

Укук коргоочу өзү ага каршы козголгон ишти ойлоп табышканын, ал эми баңгизатты машинесине полиция кызматкерлери салып койгонун айтууда.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын бийликтерин Титиевди бошотууга үндөштү.