Кыргызстанда 7-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, 3…8;
Суусамырда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;
Баткенде түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз 0…-5.
Бишкекте 7-мартта жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 6…8 градус жылуу болот.