Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстанда жол кырсыгында каза тапкан жети өзбек жаранынын сөөгү Хорезм облусуна жеткирлигенин билдирди. Учурда сөөктөрдүн тек-жайын аныктоо жүрүп жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы билдирди.
1-мартта Казакстандын Маңгыстоо облусунда жеңил машине менен оор жүк салган унаа кагылышып, жети киши каза тапкан.
18-январда Самара–Чымкент автотрассында жүргүнчү салган автобус күйүп кетип, Орусияга жол тартып бараткан өзбекстандык 53 киши мерт болгон. Беш киши аман калган.