Өзбекстанда шарап спирт ичимдиктердин тизмесинен чыгарылат

Өзбекстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта жергиликтүү жүзүмдөн даярдалган шарап алкоголдук ичимдиктердин катарынан чыгарылат жана айыл чарба азыктарынын катарына кошулат. Президент Шавкат Мирзиёев бул тууралуу токтомго 28-февралда кол койгонун расмий булактарга таянып, "Азаттыктын" өзбек кызматы билдирди.

Андан тышкары жүзүм өстүргөндөр 2025-жылга чейин жер салыгынан жана башка төлөмдөрдөн бошотулат. Борбордук банк жүзүм өстүргөн багбандарга жети жылга насыя берет, анын беш жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. "Узвиносаноат-холдинг" "Узшаробсаноат" болуп өзгөрөт.

Статистикалык маалыматка караганда, 2017-жылы Өзбекстанда 1748,9 тонна жүзүм өстүрүлгөн.