Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 26 жыл толду

Кыргызстандык спортчулар Кышкы олимпиадада мамлекеттин желегин көтөрүп баратышат. Түштүк Корея, 9-февраль, 2018.

Кыргызстандын Мамлекеттик туусу кабыл алынганына 26 жыл толду. Бул датага байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков элди куттуктады.

Туу тууралуу мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Авторлордун белгилешинче, туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Кырк нур - байыркы кырк уруунун биримдиги. (SE)