Ош: ВИЧ илдеттүү энеден төрөлгөндүн баары таза чыгууда

Ымыркайлардын канын текшерүүчү жаңы аппарат.

Жыл башынан бери Ошто ВИЧ жуккан энелерден төрөлгөн ымыркайлардын баары бул илдеттен таза экени аныкталды. Келиндердин биринин балдары эгиз.

Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ош облустук СПИДге каршы күрөш борборунун дарыгери Исамидин Омонов билдирди:

- ВИЧ илдеттүү энелерден төрөлгөн балдарды жаңы ыкма менен текшердик. Бул ыкма ымыркай туулганда эле таманынан беш тамчы кан алынып, атайын жабдуунун жардамы менен 48 саат ичинде жасалат.

Дарыгердин айтымында, ымыркайларда ВИЧ бар же жогун кургатылган тамчы кан аркылуу аныктай турган жабдуу Оштогу СПИД борборуна былтыр орнотулган. Аны менен Кыргызстандын жалпы түштүк аймагындагы ВИЧ илдеттүү энелерден туулган балдардын саламаттыгы текшерилет.

Былтыр Ош облусу жана Ош шаары боюнча ВИЧ жуктуруп алган 26 аял төрөгөн. Алардын баарынын тең балдары дени сак болуп чыккан.

Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 2017-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ инфекциясы табылган 8 миңге жакын киши катталган. Алардын 2 миңден ашууну Ошто. (MdN)