Стамалиева: Жээнбеков убадаларын аткарып келатат

Сооронбай Жээнбеков.

Эртең, 3-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 100 күн болот. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева “Азаттыкка” берген интервьюсунда бул аралыкта Жээнбековдун ишмердүүлүгү тууралуу ой-пикири менен бөлүштү.

Ал президент инаугурацияда ант бергенден бери коомчулук өлкө башчынын ишин кунт коюп байкап келатканын айтып, өз кезегинде президент шайлоо алдында берген убадаларын четинен аткарып келе жатканына токтолду.

- Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы убадаларынын бири катары өлкө аймактарын жана экономикасын өнүктүрүүнү айткан. Ушундан улам 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Анын алкагында жумушчу топтор түзүлүп, реалдуу кыймылдар башталды.

Ал ошондой эле президент аймактарга иш сапары менен барып, жер-жерлердеги абал менен таанышып жатканын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенттик кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришкен. Ал КСДП партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлүп, шайлоочулардын 54% добушуна ээ болгон. Шайлоодогу анын негизги атаандашы Өмүрбек Бабанов расмий жыйынтык чыгарылгандан кийин өлкөдөн чыгып кетсе, Башкы прокуратура Бабановго кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк Бабанов саясаттан толугу менен кеткенин жарыялаган. (SDz)