Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын дүйнө жүзүндө 8 миллион бала тубаса дарт менен төрөлсө, алардын 3 миллионго жакыны беш жашка чейин жашабайт.
Мунун айынан Кыргызстанда жыл сайын 400дөн ашуун бала бир жашка жетпей чарчап калат.
3-март – тубаса акыл кемтиги менен төрөлгөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга байланыштуу дарыгерлер дарттын алдын алуу, дарылоо, өлкөдөгү абал боюнча маалымат беришет.
Статистикалык маалыматтарда Кыргызстанда 2 миллиондой баланын 29 миңи майып экени көрсөтүлгөн. (КЕ)