Кыргызстандыктар кийинки жумада төрт күн эс алат

Бишкектеги Нооруз майрамы. 2017-жыл.

Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон токтомго ылайык, быйылкы майрамдарга байланыштуу дем алыш күндөрү аныкталды. Беш күндүк жадыбал менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишкана, уюмдарга 3-марттагы дем алыш күнү 9-марттагы иш күнүнө которулду. Кыргызстандыктар 8-9-10-11-мартта эс алышат.

Мындан тышкары 28-апрелдеги дем алыш күнү 30-апрелдеги иш күнүнө жылды. 5-май дем алыш күнүнө туш келгендиктен, 7-май дем алыш күнү катары таанылды. Бул күн үчүн иш 3-сентябрда болот.

Жалпылап алганда, кыргызстандыктар быйыл 30-апрелде, 3-сентябрда, 9-ноябрда, 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин эс алышат.

2018-жылдын 3-марты, 28-апрели, 7-майы, 3-ноябры, 29-декабры жана 2019-жылдын 5-январы иш күндөрү катары жарыяланды. (NT)