“Талибан” ооган президентинин сунушун салкын кабыл алды

Ооган президенти Ашраф Гани Кабулдагы эл аралык конференцияда, 28-февраль, 2018-жыл.

Ооган лидери шаршембиде Кабулда өткөн эл аралык конференцияда радикал топ менен мунаса табыш үчүн “эч кандай шарт” койбостон тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр экенин айтты. Эгер талибдер борбордук бийлик менен кепке келишсе, Кабул “Талибанды” саясий топ катары расмий таанып, баш калаада өкүлчүлүгүн ачууга жол берип, мүчөлөрүнө паспорт берип, түрмөдөгүлөрүн чыгарат. Ошондой эле ооган лидери Баш мыйзамды кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди.

“Талибан” жана анын жетекчилери! Бүгүн чечим кабыл алуу силердин колуңарда. Ынтымакка келгиле, чыныгы тынчтыкка жетип, курмандыктарга толгон, кыйноого баткан өлкөбүздү коргош үчүн бирге туралы”, – деп Ашраф Гани талиптерге кайрылды.

БУУнун Ооганстандагы миссиясы Ганинин сунушун колдоп, “оогандардын өз ара диалогу аркылуу тынчтыкка жетүү көз карашын бекем кубаттарын” билдирген.

Кабулдагы конференцияга чакырылбай калган “Талибан” кыймылы болсо ооган лидеринин сунушуна дароо жооп кайтарган жок. Өз атын айткысы келбеген кыймыл лидерлеринин бири "Талибандын" жетекчилиги сунушту карап жатканын айткан.

Немистердин жаңылыктар агенттиги "Талибандын” интернет сайты Кабулдун сунушун салкын кабыл алганын белгилейт. Талибдер Ооганстандан “четтен кирген күчтөр” кетмейинче, тынчтык сүйлөшүүлөрү майнапсыз экенин билдирген.

“Эгер Ашраф Гани басып алуучулар турганда тынчтыкка жетем деп кыялданса да, 17 жылда андан эч кандай майнап чыкпаганын түшүнүшү керек” деген талибдердин билдирүүсүн немистердин агенттиги жазып чыкты.

"Талибан” ооган өкмөтүн “куурчак режим” деп атап, бетме-бет сүйлөшүүдөн баш тартып келатат. Радикалдык топ Ооганстанда эң чоң аскердик күчү бар АКШ менен түз сүйлөшүүнү көздөйт.

АКШнын президенти Трамп өткөн айда Вашингтон “Талибан” менен сүйлөшпөй турганын айткан.