Аламүдүн районунда эки айылды суу каптады

Иллюстрациялык сүрөт.

Күндүн кескин жылышына жана жаан-чачынга байланыштуу Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө жана Таш-Мойнок айылдарында 27-февралда арыктан аккан суу ташып, бир топ үйлөрдү каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Таш-Дөбө айыл аймагынын Бер-Булак айылындагы он турак жайга, Таш-Мойнок айыл аймагында Прохладное айылындагы Украин, Беш-Күнгөй айылындагы Матросов, Кызыл-Бирдик айылындагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан бир нече үйлөрдүн жана Горная-Маевка айылындагы сегиз тамдын короолоруна суу кирген.

Куткаруучулар жергиликтүү тургундар менен бирге арыктардын жээктерин бекемдеп, тазалаганы, суу каптоого бөгөт коюлганы кабарланды. (NT)