Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов жана Атабек Азисбеков финалдык таймаштарга чыкты.
Бүгүн, 28-февралда грек-рим күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулуп жатат.
72 килограмм салмакта күрөшкөн Акжол Махмудов финалга чейин үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын артыкчылык менен утту.
Алгач ал иорданиялык Ахмед Махмудду 12:2, жарым финалда индиялык Кулдееп Маликти 8:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда жапониялык Томохиро Иноуени 7:0 эсебинде утту.
Эми алтын байге үчүн финалдык таймашта ал казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашат.
82 килограмм салмакта килемге чыккан Атабек Азисбеков өзбекстандык Нурбек Хашимбековду (3:3), индиялык Сингх Харпритти (5:0) жеңип, финалга жолдомо алды.
Ал эми Азия чемпону наамы үчүн казакстандык Асхат Дилмухамедов менен күрөшөт.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Мелдештердин жүрүшүн Кыргызстандын аймагына "КТРК Спорт" телеканалы түз алып көрсөтүүдө.
Ал эми бүгүн килемге чыккан грек-рим күрөшүнүн балбандары Каныбек Жолчубеков (60 кг) менен Үзүр Жусупбеков (97 кг) коло байге үчүн күрөшөт.
Дагы бир кыргызстандык балбан Роман Царев (67 кг) чейрек финалда атаандашына жеңилип, мелдештерин байгесиз жыйынтыктады.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте 27-февралда грек-рим күрөшү боюнча таймаштар менен башталган. Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын балбандары эки күмүш, эки коло байге алышкан.
Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат. Эртең эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. (ECh)