Мамкаттоо: Дамирбек Асылбек уулу жарандыктан чыгуу боюнча кайрылган эмес

Дамирбек Асылбек уулу.

Аткезчиликке шектүү катары Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу жарандыктан чыгыш үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылган эмес. Бул тууралуу ушул мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов "Азаттыкка" билдирди:

- Калкты жана жарандык актылардын абалын каттоо департаментине андан жарандыктан чыгуу боюнча арыз келип түшкөн эмес.

Буга чейин Дамирбек Асылбек уулунда Кыргызстандын да, Казакстандын да жарандыгы бар деген маалыматтар тараган.

Кыргызстандын мыйзамдарында кош жарандуулукка уруксат берилет. Бирок ал парламент депутаттарына тиешелүү эмес.

Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчиликке шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган. (NT)