Ымыркайлардын өлүмү боюнча Кыргызстан дүйнөдө 79-орунда

Иллюстрациялык сүрөт.

Чарчап калган ымыркайлардын саны боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунда турат. БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы отчетуна ылайык, дүйнө жүзүндө чарчап калган ымыркайлар дагы эле көп.

Пакистан менен Ооганстанда жарык дүйнөгө келген балдарга караганда Жапонияда, Исландияда жана Сингапурда төрөлгөндөрдүн жашап кетүү шансы жогору.

Жаңы төрөлгөн 86 баланын бирөө чарчап калып жаткан Кыргызстан 79-орунду ээлеп, мисалы, Азербайжандан, Монголиядан жана Молдовадан озуп чыкты.

“Чейрек кылым ичинде беш жашка чейинки балдардын өлүмүн эки эсе азайтканыбызга карабастан, бир айга толо элек ымыркайлардын өлүмүн азайтууда ушундай эле жыйынтыкка жете алган жокпуз”, – деп белгиледи ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Фор.

Жакыр өлкөлөрдө төрөлгөн ымыркайлардын чарчап калган учурлар бакубат өлкөлөргө салыштырганда 50 эсе көп. (BCh)